• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы 2 млрд сом таза киреше тапкан – Бусурманкулов

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. 2019-жылы "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы 2 млрд сом таза киреше тапкан. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Абдималик Бусурманкулов билдирди.

Ал белгилегендей, "Манас" эл аралык аэропорту акционердик коом болуп эсептелет жана ал "Акционердик коом тууралуу" мыйзамынын алкагында иш алып барат.

"Акциялардын 79%ы мамлекетке, 8%ы Социалдык фондго жана 12%ы юридикалык жана жеке адамдарга таандык. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы туруктуу иштеп, каржы көрсөткүчтөрү өсүп жатат. 2019-жылдын жыйынтыгы менен таза киреше 2 млрд сомду түздү. 2018-жылдын жыйынтыгы менен биз былтыр август айында мамлекеттик акциялар боюнча 648 млн сом дивиденд бердик (Соцфондго чегерүүлөр, салыкты эсепке албаганда). Жалпысынан дивиденд катары акционерлерге 800 млн сом ашык каражат төлөндү"- деди ал.

Ал аэропорттордун мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча сырттан башкарууга берилүүсү боюнча суроого жооп берип өттү.

"Биз аткаруучу органбыз, бул суроого бизге берилбеши керек. Акыркы чечимди акционерлер кабыл алышы зарыл. Мен айткандай, биз "Акционердик коом тууралуу" мыйзам боюнча иштейбиз. Башкарууга берүүнү акционерлер, анын ичинде мамлекет, миноритардык акционерлер чечиши кажет", - деди ал.

Ал белгилегендей, аларга бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Алар тапкан кирешесин аэропорттун инфраструктурасын жакшыртууга жумшашат.

Былтыр "Манас" эл аралык аэропорту 3 миллондон ашык жүргүнчүнү тейлеген.

Пикир

Оставить комментарий