• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы Ош облусунда 70 жаңы ишкана ачылган

Аймак 0

Бишкек, 16.01.20 /Кабар/. 2019-жылы Ош облусунда 70 жаңы ишкана ачылган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, Кара-Суу, Араван жана Өзгөн районунда таш иштеткен ири ишканалар ачылып, алардын продукциясы Россия, Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолууда.

Андан тышкары, Өзгөн районунда көмүр казуучу ишкана ачылган. Жергиликтүү ишкерлер ага 234 млн 537 миң сом инвестиция салышкан.

Былтыр ачылган 70 ишканада 800 иш оруну түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий