• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы республикалык бюджетке 148 млрд 254,1 млн сом киреше түшкөн – Амандыков

Экономика 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. 2019-жылы республикалык бюджетке 148 млрд 254,1 млн сом киреше түштү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Каржы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтымында, план боюнча республикалык бюджетке 152 млрд 100,1 млн сом киреше түшөрү белгиленген.

"План 97,5% аткарылган же номиналдык суммадагы түшпөй калуулар 3 млрд 846 млн сомду түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу кирешелер 9,4% же 12 млрд 747,7 млн сомго жогорулады", - деди ал.

Ал белгилегендей, салыктык кирешелер 105 млрд 929,4 млн сомду түзгөн (план боюнча 108 млрд 891,6 млн сом). 2018-жылга салыштырмалуу салыктык кирешелердин көлөмү 2,1% же 2 млрд 192,5 млн сомго өскөн.

"Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салыктык кирешелер 62 млрд 633,2 млн сом (план боюнча 64 млрд 158,7 млн сом) суммасында топтолгон. 2018-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 100,9% түзгөн. Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 43 млрд 296,2 млн сом бажы салыктары жана төлөмдөр чогултулган (план боюнча 44 млрд 732,9 млн сом). 2018-жылга караганда салыктык кирешелер 3,9% же 1 млрд 624,3 млн сомго көбөйгөн", - деди ал.

Анын айтымында, республикалык бюджетке салыктык эмес түшүүлөр боюнча 29 млрд 65 млн сом түшкөн (план боюнча 28 млрд 482,2 млн сом). План 102% же 582,8 млн сомго аткарылган. 2018-жылга салыштырмалуу салыктык эмес кирешелер 128,9% же 6 млрд 513,2 млн сомго көбөйгөн.

"Расмий трансферттер 13 млрд 258,4 млн сом өлчөмүндө келип түшкөн (план боюнча 14 млрд 726,3 млн сом). План 10% же 1 млрд 467,9 млн сомго аткарылган эмес. 2018-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу расмий трансферттердин көбөйүшү 4 млрд 42,3 млн сомду же 43,9% түзгөн", - деп билдирди Амандыков.

Пикир

Оставить комментарий