• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд. 454 млн. сом өлчөмүндө каралат

Экономика 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйыны өтүп жатат. Анда “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата бюджети жана 2020-2021-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Тармактык комитеттин кеңейтилген жыйынында КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт өкүлдөрү катышып жатат.

Өкмөт башчы М.Абылгазиев аталган мыйзам долбоору республикалык бюджеттин узак мөөнөткө туруктуу болушун камсыздоо жана бюджеттик процессти натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккандыгын баса белгиледи.

КР Премьер-министрдин маалыматына ылайык, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2019-жылга жалпы көлөмү 170 млрд. 151 млн. сом көлөмүндө же ички дүӊ өнүмдүн 28,1% деңгээлинде болжолдонууда. “2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд. 454 млн. сом өлчөмүндө же ички дүӊ өнүмдүн 25 %да каралат. 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу кирешелердин көлөмдөрү 10 млрд. 572 млн. сомго көбөйөт. Ал эми 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери 157 млрд. 43 млн. сомду жана 161 млрд. 890. млн. сомду түзөт. Ошондой эле, 2019-жылы республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 161 млрд. 710 млн. сом деңгээлинде белгиленгени, республикалык бюджеттин таӊсыктыгы 10 млрд. 256 млн. сомду же ИДПнын 1,7%ын түзө турганы белгилүү болду. Каржы тартыштыгын жабууга 10 млрд. 256 млн. сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча – 2 млрд. 198 млн. сом, тышкы булактар боюнча – 12 млрд. 454 млн. сом сальдо.

Келерки жылдын бюджетиндеги жаңы өзгөрүүлөр боюнча программалык бюджет, аны активдештирүүгө көмөктөшүүчү шарттар, мамлекеттик кызматтарда кызматкерлерди мотивациялоо менен штаттык бирдиктерди оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк берүү маселеси аталды. Мындан сырткары, 2019-жылы киреше салыгынын 50-70%ын жергиликтүү бюджетке калтыруу, сатуудан алынган салыкты экспортко кетип жаткан товарлардан алып салуу дагы киргизиле тургандыгы айтылды.

Тармактык комитеттин кеңейтилген жыйыны уланууда. Учурдо суроо-жооп жүрүмү өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий