• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2019-жылы Соцфонддун колл-борборуна 24 миңден ашык кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. 2019-жылы Социалдык фонддун колл-борбору 24024 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Социалдык фондунун колл-борбору негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын январь - ноябрь айларында Соцфонддун колл-борборуна 18597 кайрылуу келип түшкөн.

Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 5427 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.

КР Соцфондунун колл-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий