• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2019-жылы Түркияга 51,7 миллион турист келди

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. 2019-жылы 52 миллион турист кабыл алган Түркиянын кирешеси 34,5 миллиард долларды түзүп, рекорддук чекке жетти. Түркиянын 2020-жылга койгон максаты 58 миллион турист кабыл алып, кирешесин 40 миллиард долларга жеткирүү болуп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун берген маалыматтарына ылайык, 2019-жылы дүйнөлүк туризм 4 пайызга өскөн.

2019-жылы туристтерди кабыл алуу боюнча Түркия, Франция, Испания, Америка Кошмо Штаттары, Кытай жана Италия мамлекеттеринен кийин 52 миллион туристти кабыл алып, 6-орунду ээледи.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм тинистирлигинин статистикалык маалыматына ылайык, 2019-жылы Түркия бир жыл мурункуга караганда 14,11 пайызга жогору, 52 миллионго жакын турист кабыл алды. Өлкөнүн туризмден түшкөн кирешеси 2019-жылы 17 пайызга көтөрүлүп, жалпы суммасы 34,5 миллиардды түзүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Орточо эсеп менен киши башына 666 доллар туура келип, киши башына бир күндүк акча коротуу 68 долларды түздү.

Эң көп турист Россия Федерациясынан, Германиядан жана Болгариядан келген.

Министирликтин 2019-жыл боюнча берген маалыматы боюнча, Түркияга башка өлкөдөн эң көп Россия Федерациясынан турист келди. Былтыркы жылга салыштырмалуу 17,65 пайызга жогору болгон туристтердин саны 7 миллион 17 миң 657го жетип, Россия башка өлкөлөрдөн келген туристтердин саны боюнча биринчи орунду ээледи.

Ал эми Германиядан келген туристтер 11,42 пайызга жогору болуп, 5 миллион 27 миң 472 киши келип, экинчи орунду алды. Үчүнчү орунда 13,68 пайызга жогору болгон, 20 миллион 713 миң 464 турист келген Болгария мамлекети болду. Муну менен биргеликте Англия жана Иран мамлекеттери келген туристтердин саны боюнча 4-5 орунду ээлешти.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Маданият жана туризм кеңешчиси Нури Шимшеклер, жыл өткөн сайын 10 пайызга өсүп жаткан Түркиянын туризм мүмкүнчүлүгү тууралуу кеп кылып, төмөндөгүлөргө токтолду. “Түркия Европа өлкөлөрүнүн ичинде туризм экономикасын эң мыкты деңгээлде өнүккөн бирден-бир өлкө болуп эсептелет. Түркиянын бул деңгээлге жетүүсүнө, салынган 40 жылдык инвестиция, топтолгон тажрыйба жана мамлекет тарабынан илимий жана практикалык ыкмалардын колдонулуусу ыңгайлуу шарт түзүүдө. Муну менен биргеликте өлкөбүздөгү бир жыл бою үзгүлтүксүз камсыздалып турган туризмдин көп түрдүү мүмкүнчүлүгү жана маданий баалуулугу; Маданият жана Туризм министрлигибиздин кесипкөй мамилеси, аныктамасы, колдоосу жана өлкөбүздүн сектордук тажрыйбасы бул ийгиликке жетүү үчүн керектүү мүмкүнчүлүктү жаратууда,” - деген оюн айтты.

2019-жылы Түркияга аймактык өлкөлөрдүн ичинен: Азербайжандан 901 миң 723, Казакстандан 455 миң 724, Өзбекстандан 255 миң 138 турист келгенин белгилеген Маданият жана туризм кеңешчиси Нури Шимшеклер, “2019-жылы Кыргызстандан Түркияга 121 миң 364 турист келди. Бир жыл мурун 114 миң 926 киши келген. Жыл сайын саны өскөн кыргызстандык конокторубузду өлкөбүздүн ар кайсы аймагындагы жаратылыш сулуулугун көрүүгө жана ошондой эле ата-журттан туулган жерге карай келип кетүүгө чакырабыз,” - деди.

Пикир

Оставить комментарий