• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2019-жылы Тажикстан Кыргызстанга 80,6 миң тонна цемент экспорттогон

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.02.10. /Кабар/. 2019-жылы Тажикстан Кыргызстанга 80,6 миң тонна цемент экспорттогон. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

Былтыр Тажикстанда жалпы 4,2 млн тонна цемент чыгарылган (2018-жылы – 3,8 млн тонна).

"Коңшу мамлекеттерге 1 млн 546 миң тонна цемент экспорттолуп, 2018-жылга караганда 150 тоннага көп болгон. Өзбекстанга 890 миң тонна, Афганстанга 576 миң тонна, ал эми Кыргызстанга 80,6 миң тонна сатылган", - деп айтылат маалыматта.

Тажикстанда өндүрүлгөн цементтин басымдуу бөлүгүн (90%) үч тажик-кытай биргелешкен ишканалары – "Чунгтсай Мохир цемент", "Хуаксин Гаюр цемент", "Хуаксин Гаюр Сугд цемент" ишканалары чыгарат. Учурда Тажикстанда цементти өндүрүүдө 18 ишкана иштейт.

Пикир

Оставить комментарий