• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2019-жылы Тажикстанга 1, 250 миллиондон ашык турист келген. Кыргызстандан 116 миң киши барган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. 2019-жылы Тажикстанга 1 млн 257 миң 300 турист келген. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

Тажикстандын өкмөтүнүн алдындагы Туризмди өнүктүрүү комитетинин төрагасы Ширин Амонзода билдиргендей, келген туристтердин саны 2018-жылга караганда 21,6%га же 219,7 миң кишиге көп болгон.

Ал белгилегендей, былтыр Тажкикстанга 146 өлкөнүн жарандары келген (2016-жылы – 59 өлкө). Туристтердин жарымынан көбүн Өзбекстандан жарандары түзүшөт: 853 миң 634 киши. Экинчи орунда Россиянын (212 миң киши), ал эми үчүнчү орунда Кыргызстандын жарандары (116 миң адам) турат. Туристтер көп келген 10 өлкөнүн ичинде Казакстан, Афганистан, Кытай, Түркия, БАЭ, Германия жана Индия бар.

Пикир

Оставить комментарий