• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2019-жылы Транспорт министрлиги ташуу үчүн 16 миңден ашык лицензия берген

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. КР Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги 2019-жылы 9574500 сомго 16 миң 204 лицензия берген. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча 11 506, эл аралык жүк ташуу багытында 4402, юридикалык жактар үчүн 296 анын 254ү жүргүнчүлөрдү ташуу, 42си эл аралык жүк ташуу багытында.

2018-жылдан баштап Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги лицензия менен уруксаттардын бланктарын автоматташтырылган «Электрондук транспорттук көзөмөл» маалыматтык тутуму аркылуу берүүдө.

Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги тарабынан www.aat.gov.kg. электрондук порталы иштелип чыккан. Порталдан агенттиктин иши тууралуу толук маалымат алууга болот. Агенттиктин транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү лицензиаттар жана Кыргыз Республикасындагы маршруттук тутумдары тууралуу маалыматтарды порталга киргизүү багытында иш алып барат.

«Электрондук транспорттук көзөмөл» автоматташтырылган маалыматтык тутум, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин ишин камсыздайт. Бул тутум МСК жана МБК менен онлайн режимде, ведомстволор аралык электрондук алака түзүү «Түндүк» тутуму аркылуу ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий