• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

2019-жылы Ысык-Көлдө олимпиадалык борбордун курулушу башталат

Өкмөт 0

Бишкек, 01.12.18. /Кабар/. 2019-жылы Ысык-Көл жээгинде эл аралык стандарттарды эске алуу менен олимпиадалык борбордун курулушу башталат. Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Буэнос-Айрес шаарында (Аргентина Республикасы) өткөн Өспүрүмдөрдүн жайкы 2018-жылкы Олимпиадалык оюндарында ийгиликтерди багынткан атамекендик спортчулар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымына караганда, курулушу пландалып жаткан борбордо спортчулардын ири эл аралык таймаштарга даярдык көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Өкмөт башчы билдиргендей, 2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын, ошондой эле спорттук стипендияларды жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий