• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2019-жылы Өзбекстанга чет элден 8 миллиондон ашык киши келген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. 2019-жылы Өзбекстанга келген чет элдиктердин саны 8,28 млн кишини түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын телеграф агенттиги жазат.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, ал мурдагы жылга салыштырмалуу 28,7%га көп.

Былтыр Өзбекстанга келген чет элдиктердин басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнүн жарандары болушат: 7,66 млн киши (92,5%). Ал эми башка өлкөлөрдөн Өзбекстанга 617,6 миң киши (7,5%) келип кеткен.

2019-жылы Өзбекстанга келген чет элдиктер:

- Казакстан – 2 млн 456,8 миң киши;

- Тажикстан – 2 млн 389,5 миң киши;

- Кыргызстан – 1 млн 533,7 миң киши;

- Түркмөнстан – 629,6 миң киши;

- Россия – 592,4 миң киши;

- Беларус – 20,4 миң киши;

-Түркия – 108 миң киши;

- Кытай – 61,9 миң киши;

- Түштүк Корея – 40,6 миң киши;

- Индия – 32,1 миң киши;

- Германия – 29 миң киши;

- Япония – 25,2 миң киши;

- Франция – 21,2 миң киши;

- Италия – 20,8 миң киши;

- Израиль – 13,9 миң киши.

Пикир

Оставить комментарий