• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,1 млрд сом алат

Президент 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. 2019-жылы киреше салыгын бөлүштүрүүнү 50/50 пайыз өлчөмүнөн 70/30 пайыз өлчөмүнө чейин көбөйтүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,1 млрд. сом алат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков "Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" конференциясында билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, мындан тышкары региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд. сом каралган.

"Бул каражат биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат. Ирригация программасын ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп отурабыз. Талаптар жогору. Бул программаны сөзсүз ишке ашырыбыз керек. Анткени, программанын алкагында маселелер комплекстүү чечилет – жумушчу орундар түзүлөт, муну менен ички миграция токтойт", - деди мамлекет башчысы.

Ирригация программасына ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий