• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2019-жылы жолдорду оңдоо жана кароо үчүн 1,9 млрд сом бөлүнгөн – Транспорт министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. 2019-жылы жолдорду оңдоо жана кароо үчүн 1,9 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында транспорт министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Ал белгилендей, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 2019-жылы 1 млрд 818 млн сом каралган.

"Республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 2019-жылы жол инфраструктура объекттерин каржылоого 1 млрд сом каралган. Ошондой эл өкмөттүн буйругу менен "Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык" жана "Ак-Сай – Рават" жолдорунун курулушун улантууга кошумча 150 млн сом бөлүнгөн", - деди ал.

Андан тышкары, Лейлек районундагы Кулунду-Арка 1,5 жолуна 18 млн сом, ошондой эле жол инфраструктура объекттерин каржылоого кошумча 650 млн бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий