• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

2019-жылы зордуктоого кабылган аялдар жана кыздардын саны жогорулады

Коом 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Ушул жылы зордуктоого кабылган аялдар жана кыздардын саны жогорулады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди.

undefined

Анын айтымында, Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө карата 25-ноябрдан 10-декабрга чейин "зордук-зомбулуксуз 16 күн" акциясы өтөт.

"Ушул жылы биз сексуалдык зордук-зомбулук темасына өзгөчө көңүл бурууну чечтик. 2018-жылы 223 зордуктоо учуру катталган. 2019-жылдын акыркы 10 айында 341 жолу аялдар жана кыздарга карата зордуктоо болгон. Мындай учурда адам психологиялык жактан оор жаракат алат жана өмүр бою аны менен жашайт", - дейт Рыскулова.

"Сезим" кризистик борборунун психотерапевти Наталья Павлова зордук-зомбулук темасына мындан да көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин айтат.

"Кыздар жана аялдарга карата зордуктоо болгон учурда алардын 10%ы гана тезирээк унутууну каалап, милиция кызматына кайрылат. Биздин маалыматтарга ылайык, жабыр тарткандардын 3%ы гана жардам сурап кайрылат. Бирок чындыгында бул көрсөткүч кыйла жогору", - деди Павлова.

Пикир

Оставить комментарий