2020-жыл – "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы"

Аналитика 0

Мурунку жылдарга үндөш эле 2020-жыл Кыргызстанда "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды. Быйылкы жылы дагы бир артыкчылыктуу багыт – балдарды колдоо багыты каралды.

2020-жылдын Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланышы боюнча президенттин басма сөз катчысы — президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева пикирин билдирип, аймактык өнүгүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо маселелери бири-бирин логикалык толуктап турарын билдирди.

Аны менен бирге ал аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги милдети үй-бүлө институтуна терс таасирин тийгизген ички миграцияны кыскартуу экенин айтып өттү.

"Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды, президенттик ишинин алгачкы жылын – облустардын экономикасын колдоо, жер-жерлерде ишкерликти өнүктүрүү, региондорду өнүктүрүү үчүн акча-кредиттик жана бюджеттик саясатты күчөтүү максатында Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Ошондой эле үй-бүлө институтуна терс таасирин тийгизген ички миграцияны кыскартуу дагы негизги максат болгон. Мындай шарттарда биздин балдарыбыз мамлекет тарабынан кошумча күчөтүлгөн көңүл бурууну талап кылышат. Ошондуктан үстүбүздөгү жыл мамлекет башчысы тарабынан Балдарды колдоо жылы деп да жарыяланды", - дейт ал.

Ал өлкөнү санариптештирүү Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөнүн кошумчалап өттү. Өлкөнү санариптик трансформациялоонун максаты – жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө, алардын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү тармактарында коррупцияны жоюу.

"Буга чейинки эки жылда мамлекеттик саясат балдарды колдоо үчүн укуктук, экономикалык базаны бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатын келечек муундан, балдардан өзүнчө бөлүп кароо мүмкүн эмес. Ошондуктан, жаш муун өкүлдөрүнүн өлкөнү санариптештирүү процессине интеграциясы президент тарабынан 2020-жылга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды", - деди Стамалиева.

Эскерте кетсек, 8-январь күнү президент Сороонбай Жээнбеков 2020-жылды "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялоо боюнча Жарлыкка кол койгон.

2018-жылы региондорду өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыты болуп аныкталган. 2019-жылы региондорду өнүктүрүү багыты улантылды. Ошол эле учурда санарип технологиялар элдин жашоосун жакшыртуунун маанилүү фактору болуп эсептелерин эске алып, 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланды. Кыргызстан келечекте инновацияларга жана билимге таянган, өнүккөн маалыматтык коому бар өлкө болушу шарт. Мамлекет тарабынан адам капиталын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар жетиштүү деңгээлде түзүлүшү керек. Жогоруда аталган милдеттер менен катар эле балдарды, өзгөчө жетим балдарды, оор турмуштук жагдайда калган балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоону мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктоо зарыл.

"Кыргызстандын президенти ырааттуу иш алып барып жатканын айтып кетүү керек. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү өңдүү стратегиялык багыттар белгиленди. Аны менен бирге 2020-жыл балдардын көйгөйлөрүнө, алардын корголуусу өңдүү маселелерине арналган. Өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого, алардын глобашдашуу жана ар кыл цивилизациялык процесстерге катышуусуна көңүл буруу керек. Балдардын билим алуусуна да көңүл буруу зарыл. Ар тармактар боюнча өнөрлүү балдарды таап, ийгиликтерге жетишүүсүнө жардам кылуу кажет. Башкы маселелердин бири балдарга карата зомбулук, социалдык жактан камсыздалышы, корголушу маселелери боюнча иш алынып барууга тийиш", - дейт социолог, Социалдык изилдөөлөр жана саясий системалар борборунун (Нобосибирск шаары) эксперти Юрий Обидин.

Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясаты ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү чараларды камтыйт. Анын ичинде үй-бүлө институтуна терс таасирин тийгизген ички миграцияны кыскартуу максаты турат.

"Балдардын тарбия берүү маанилүү экенин дагы бир кайталап кетким келет. Учурда бул маселе баардык жерде бар. Ата-эне жумушунан колу бошобойт. Көптөр бир нече жумушта иштешет. Мындан улам балдарынын жашоосуна толук кандуу аралаша албайт. Бул багытта иш толук кандуу болушу үчүн тегерек столдорду, семинарларды өткөрүп, коомчулук, ата-эне комитеттерин тартуу керек. Бул жол менен гана ал процесс өсүп келе жаткан муунга таасир этип, мамлекет жүргүзүлүп жаткан иштин натыйжасын көрөт", - дейт ал.

Белгилей кетсек жарлыкка ылайык, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды комплекстүү колдоо боюнча чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдети деп каралган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жарлыкта белгиленген багыттарды ишке ашыруу сунушталган.

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков, президент аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш өткөрдү. Анда 2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2020-жылга карата максаттар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыяланган жылдын алкагында пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгына көңүл бурду. Ал белгилегендей, мамлекеттин бакубатчылыгы үй-бүлөнүн бакубатчылыгынан түздөн-түз көз каранды. Үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдөөгө ар дайым кылдат көңүл буруу, эне жана баланы социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылуу чоң мааниге ээ. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бийликтин бардык бутактары менен мындан ары да натыйжалуу кызматташуу маанилүү. Мамлекет башчы акыркы эки жылда региондорду өнүктүрүү, элет ишкерлеринин демилгелерин колдоо, жаңы жумушчу орундарды түзүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар жасалганын белгиледи. Ал белгилегендей, мамлекеттик органдар ыргакты жоготпостон, аткарылып жаткан иштердин сапатына, кыргызстандыктардын бейпил турмушун камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл буруп, бул ишти улантып кетиши керек.

"Бүгүн өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация бизге мамлекет менен жеке сектор жана жарандардын ортосундагы өз-ара карым-катнаштын жаңы платформаларын түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, бул багытта алдыбызга койгон дымактуу милдеттер аткарылышы керек", - деди Жээнбеков.

Анын айтымында, санариптештирүү мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун жогорулатып, коррупциянын деңгээлин кыскартат.

"Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөткөндөй, өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системасынан көз каранды. Биз баштаган соттук-укуктук реформаны улантышыбыз керек", - деди ал.

Президенттин айтымында, өткөн эки жылда региондорду мындан ары өнүктүрүүгө зарыл шарттарды калыптандырган негиздер түзүлдү. Кайра иштетүү өнөр жайында жаңы долбоорлор, инфраструктураны жана социалдык чөйрөнү жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке киргизилди. Салык жана бюджеттик саясат региондук өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып өзгөртүлдү. Кредиттик ресурстардын олуттуу үлүшү региондорго жумшалды. Багбанчылык, балык чарбасы, чакан энергетика жана туризм чөйрөсүндө жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү боюнча шарттар түзүлдү.

"Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик жана муниципалдык сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча масштабдуу иш жүргүзүлдү. Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы иштей баштады, ал аркылуу жарандар зарыл болгон кызматтарды электрондук форматта ала алышат. “Санарип Кыргызстан” бирдиктүү санарип платформасы түзүлдү. “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук системасына бардык мамлекеттик органдар, бир катар коммерциялык банктар жана жеке түзүмдөр кошулду. Онлайн электрондук төлөмдөрдүн жана мобилдик банкингдин системасы ишке киргизилди", - деди президент.

Жээнбеков белгилегендей, аймактардын жашоочулары үчүн абдан маанилүү болгон социалдык жана өндүрүштүк инфраструктураны мындан ары жакшыртуу артыкчылыктуу багыт бойдон калат.

"Жогоруда аталган милдеттер менен катар эле балдарды, өзгөчө жетим балдарды, оор турмуштук жагдайда калган балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоонумамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктоо зарыл. Кыргыз Республикасында калктын үчтөн биринен көбүн балдар түзөт. Жакырчылыкта жашаган балдардын көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Беш жашка чейинки балдардын үчтөн биринен көбүнө мектепке чейинки билим жеткиликтүү эмес. Ар бир онунчу бала мектепке чейинки даярдоонун уюштурулган программасына тартылган эмес. Интернаттык мекемелерге жиберилген балдардын саны азайбай жатат. Аймактарда социалдык кызматтарды көрсөтүү жолго коюлган эмес. Социалдык коргоо, бала багып алуу, асырап алуу, кам көрүү системасында коррупциялык көрүнүштөр жоюла элек. Коомдо балдар зомбулукка жана басмырлоого туш болгон учурлар бар. Балдардын ден соолугун коргоо, аларды татыктуу өстүрүү мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдет болуп эсептелет", - деди ал.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий