• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды

Президент 0

Бишкек, 01.01.20. /Кабар/. 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаны жыл менен куттуктоосунда билдирди.

«Бул багыттагы иштер 2020-жылы да уланат.

Биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Өлкөнү туташ санариптештирүүнү улантабыз.

Урматтуу мекендештерим, ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл.

Ушул максатта 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыялоону чечтим.

Балдарыбыздын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болуусу — көңүл борборундагы маселе. Мамлекеттин балдарга карата камкордугун күчөтүп, артыкчылыктуу багыт катары аныктайбыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий