• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарынын мэри кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, учурда Нарын шаарынын мэри “Б.С." КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") боюнча жогоруда аталган алдамчылыкка катыштыгы бар деп шектелип, КР УКМКнын тегөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий