• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2020-жылдан тарта бардык кыргызстандыктар декларация тапшырышат – Коопсуздук кеңеши

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. 2020-жылдан тарта Кыргызстанда бардык жарандардын кирешеси (кыймылдуу (транспорт) кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү) жана чыгашасы жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди

"2019-жылы жарандар өздөрүнүн киреше жана чыгашаларын жаза башташы керектигин эскертип кетейин. Анткени кийин аларды өздөрүнүн декларациясында көрсөтүшү керек болот", - деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө киреше жана чыгашалары тууралуу декларацияны мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер тапшырат.

Пикир

Оставить комментарий