• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2020-жылдан тарта ЕАЭБде бир катар товарлардын бажы алымдары төмөндөтүлөт – Бажы кызматы

ЕАЭБ 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. 2020-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына эл аралык почта жөнөтүүлөрдө жөнөтүлүүчү жана ташуучу тарабынан жеткирилүүчү жеке пайдалануу үчүн товарларга карата ЕАЭБдин аймагында алымсыз ташып кирүү ченемдери 500 евродон 200 еврого чейин төмөндөтүлөт. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жеке пайдалануу үчүн товарлардын категориялары жан аларды ташып чыгуу ыкмалары

Ташыр кирүүнүн нарктык, салмактык жана (же) сандык ченемдери

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташуучу тарабынан жеткирилген жеке пайдалануу үчүн товарлар (этил спиртинен, алкоголдук ичимдиктерден, сырадан, жеке пайдалануу үчүн бөлүнбөс товарлардан тышкары), анын ичинде:

2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде – наркы 500 еврого барабар суммадан ашпайт, жана (же) салмагы бир жеке жактын дарегине 1 календарлык айдын ичинде 31 кг ашпайт

2020-жылдын 1-январынан тартып - наркы 200 еврого барабар суммадан ашпайт, жана (же) салмагы 31 кг ашпайт.

Бирликтин бажы аймагына эл аралык почта жөнөтүүлөрдө жөнөтүлүүчү жеке пайдалануу үчүн товарлар (жеке пайдалануу үчүн бөлүнбөс товарлардан тышкары)

2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрын кошуп алган мезгилде – наркы 500 еврого барабар суммадан ашпайт, жана (же) эл аралык почта жөнөтүүлөрдүн таза салмагы бир жеке жактын дарегине 1 календарлык айдын ичинде 31 кг ашпайт

2020-жылдын 1-январынан тартып - наркы 200 еврого барабар суммадан ашпайт, жана (же) эл аралык почта жөнөтүүлөрдүн таза салмагы 31 кг ашпайт.

Пикир

Оставить комментарий