• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2020-жылдын алгачкы үч айында калктын номиналдык кирешеси 112,4 млрд сомду түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын алгачкы үч айында калктын номиналдык акчалай кирешеси 112,4 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын үч айына караганда 4%га көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитети билдиргендей, калктын акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек ишмердүүлүгү болгон. Ага кирешелердин 71%ы туура келген.

"2020-жылдын алгачкы үч айында калктын реалдуу акчалай кирешеси 107,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын үч айына салыштырмалуу 0,3%га азайган", - деп билдирет Статистика комитети.

Пикир

Оставить комментарий