• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

2020-жылдын ичинде элдин 3 органга болгон ишеними жогорулады

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын ичинде калктын ишеним индекси көрсөткүчүндө 3 органга болгон элдин ишеними жогорулады. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, ички иштер органдарына болгон элдин ишеними өткөн жылы 15,1 балл болсо, быйыл 40,8 баллга көтөрүлдү.

"Саламаттык сактоо уюмдарына өткөн жылы 17 балл берилсе, быйыл 36,7 баллга жогорулады. Айыл чарбасындагы органдарга өткөн жылы 24,9 балл берилсе, быйыл элдин ишеничи 33,5 баллга чыкты", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий