• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2020-жылдын II кварталындагы бир катар отчеттуулук 1-октябрга чейин узартылды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын экинчи кварталындагы жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгилдер үчүн бир катар отчеттуулук үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин узартылды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тактап айтканда төмөнкүлөрдү берүү мөөнөтү узартылды:

- салыктык отчеттуулукту, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту;

- жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттуулукту.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кризиске каршы чараларды ишке ашыруунун алкагында кабыл алынып, аймактык салык органдарында калктын топтолушун жокко чыгарууга жана «COVID-19» коронавирус инфекциясынын таркалуу коркунучун жана тобокелдиктерди минималдоого багытталып, ошондой эле бизнес коомчулуктун кайрылууларына байланыштуу кабыл алынды.

Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди.

Пикир

Оставить комментарий