• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2020-жылга чейин АКШ кыргыз мектептерине 1,2 млн китеп берет

Коом 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. 2020-жылга чейин АКШнын өкмөтү "Келгиле, окуйбуз" долбоорунун алкагында Кыргызстандын мектептерине белек катары 1,2 млн китеп берет.

"Келгиле, окуйбуз" долбоору өзүнүн ишин Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге алып барат. Долбоордун негизги максаты – өлкө боюнча башталгыч класстардагы окуучулардын окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүү. Бул төрт жылдык долбоордун жалпы бюджети 9,9 млн долларын түзөт.

Жакында эле АКШ 900 мектепке 110 257 балдар китебин тапшырды. Ал китептердин арасында 32 түрдүү кыргыз жана орус тилиндеги: жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган китептер.

Бул китептер Кыргызстанда эң биринчи татаалдыгы боюнча классификацияланган китептер болуп саналат. Алар атайын электрондук классификация куралынын жардамы менен бааланып татаалдык деңгээлдери аныкталган. Бул мугалимдерге, ата-энелерге жана китепканачыларга балдардын жаш курагына жана окуу деңгээлине ылайыктуу окуу материалдарын тандоого жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий