• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2020-жылга ИДПнын реалдуу өсүү темпи 5 пайыз болот – Абылгазиев

Экономика 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. 2020-жылга ИДПнын реалдуу өсүү темпи 5 пайыз болот, номиналдык көлөмү 667,1 млрд. сомду түзөт деп жатабыз, - деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал маалымдагандай, инфляция 3,7%дык деңгээлден ашпайт.

"Бюджеттин киреше бөлүгү 163,7 млрд. сом болжолдонду. 2019-жылга салыштырмалуу 8,4 млрд сом өсүш болот. Чыгаша – 173,7 млрд сом. 2019-жылга салыштырмалуу 8,3 млрд сомго көбөйөт. Бюджеттин дефицити 9,9 млрд сомду түзөт. Ал көрсөткүч ИДПга карата 1,5%ды түзөт. Дефицитти азайтуу саясаты күчөтүлөт", - деди ал.

Абылгазиев билдиргендей, өлкөнүн тышкы карызын азайтуу боюнча бюджеттик саясатты жүргүзүү улантылат.

"2019-жылдагы ИДПга карата 46,5%дан 2020-жылы 43,5%га азайтылат. Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдү социалдык жана экологиялык долбоорлорго алмашуу (конверсия) боюнча иштер күчөтүлөт. 2020-жылдын бюджетин секторлор боюнча карасак: реалдуу секторго – 37,8 млрд сом (21,8%), 2019-жылдын бюджетине карата 3,6 млрд сомго көбөйдү, мамлекеттик кызмат секторуна – 45,5 млрд сом (26,2%), 2019-жылга салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп болот. Социалдык секторго – 90,4 млрд сом, 2019-жылга салышт. 9 млрд сомго көп болот, же 52,1%ды түзөт", - деп кошумчалады премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий