• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2020-жылга карата гемодиализ кызматы үчүн акы төлөөгө 682,7 млн сом каралган – ММКФ төрайымы

Ден соолук 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. 2020-жылга карата гемодиализ кызматы үчүн акы төлөөгө 682,7 млн сом каралган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

"2020-жылга карата гемодиализ кызматы үчүн акы төлөөгө 682,7 млн сом каралган. 2020-жылдын январь айынан тартып гемодиализ кызматы 20 жеке менчик жана 4 мамлекеттик ооруканада көрсөтүлөт. Бүгүнкү күнү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат базасында катталган 1 миң 234 бейтапка кызмат көрсөтүлүп келе жатат. Жыл башынан бери 235 млн сомго каржылоо болду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий