• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2020-жылы 23 миңден ашык өзбекстандык Россиянын жарандыгын алган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. 2020-жылы орус жарандыгын 656,3 миң чет өлкөлүк алды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 30% көп.

Былтыр Россиянын жарандыгын алган жалпы чет өлкөлүктөрдүн 3,4%ын (23 300 киши) өзбекстандыктар түзгөн. Мындан тышкары бул өлкөнүн жарандыгына ээ болгондордун арасында Тажикстандын (63,4 миң), Казакстандын (43,4 миң), Армениянын (30,5 миң), Азербайжандын (22 миң), Молдованын (20 миң), Кыргызстандын (12 миң) жана Беларустун (10 миң) жарандары көп.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда кош жарандыкка уруксат жок. Мындан улам өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Миграция башкармалыгы башка мамлекеттин жарандыгын алууну каалагандар эки жарандыктын бирөөнү тандап алышы керектигин эскертүүдө.

Эгер Өзбекстандын жараны башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартпаса, анын өзбек жарандыгы Өзбекстан президентинин жарлыгы менен токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий