• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2020-жылы 62 жаран адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алышты – Юстиция министрлиги

Коом 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. 2020-жылы 62 жаран адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алышты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы КР Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы тарабынан жалпысынан 8 жыйын өткөрүлгөн, анда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 347 талапкердин арызы каралган, анын ичинен:

- 242 талапкер квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат алган;

-105 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга киргизүүдөн баш тартылган;

- 62 талапкер квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырышган;

- 85 талапкер квалификациялык экзаменди тапшыра алган эмес;

2020-жылдын 31-декабрына карата Адвокаттардын мамлекеттик реестринде 4434 лицензия катталган жана берилген, анын ичинен иштеп жаткан лицензиялары бар адвокаттар 3509.

Пикир

Оставить комментарий