• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2020-жылы 707 миң кыргызстандык чакан насыя алышкан. Эмнеге жумшашкан?

Экономика 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. 202-жылы чакан насыя берүү уюмдары тарабынан 31,1 млрд сом насыя берилип, алгандардын саны 707 миңди түзгөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында Статкомдун финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Чолпон Касымова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2019-жылга салыштырмалуу чакан насыя менен камсыз болгон калктын саны 13,2%га, ал эми берилген насыянын көлөмү – 3,2%га көбөйгөн.

Ошондой эле ал чакан насыянын олуттуу көлөмү Ош (6,8 млрд сом, же берилген чакан насыянын жалпы көлөмүнүн 21,8%ы) жана Жалал-Абад (4,9 млрд сом, же жалпы көлөмдүн 15,7%ы) облустарындагы, Бишкек шаарындагы (4,9 млрд сом, же жалпы көлөмдүн 15,6%ы) жана Чүй (4,2 млрд сом, же 13,4%) облусунун алуучуларга берилгенин кошумчалады.

“2020-жылы берилген чакан насыянын жалпы көлөмүнөн 33,6%ы айыл чарбасындагы ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө, 28,2%ы керектелүүчү муктаждыктарга, 10,4%ы соода жана коомдук тамактанууга, 8,1%ы курулушка жумшалган”,-деди Касымова.

Анын маалыматы боюнча, муну менен катар 2019жылга салыштырмалуу айыл чарба жаатына берилген чакан насыянын көлөмү 2,4%га көбөйсө, соода жана коомдук тамактануу (2,2%га) жана курулуш тармагына (2,3%га) тескерисинче кыскарган.

2020-жылы чакан насыяларды кайтаруунун деңгээли 95,4%ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйгөн.

Пикир

Оставить комментарий