• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2020-жылы Баткен облусуна 14 саламаттык сактоо мекемеси курулуп, 24 тез жардам унаасы берилди

Аймак 0

Бишкек, 09.02.21. /кабар/. 2020-жылы Баткен облусуна 14 саламаттык сактоо мекемеси курулуп, 24 тез жардам унаасы берилген. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун саламаттык сактоо тармагы жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында 2020-жылы жугуштуу оорулар (бруцеллез оорусун эске албаганда) 2 эсеге азайганы белгилүү болду. “Буга элдин пандемияга байланыштуу өздүк гигиенаны жана санитардык талаптарды сактоосу себеп болгон. Ал эми жугуштуу эмес кант диабети, жүрөк кан-тамыр жана башка оорулар жылдан жылга көбөйүүдө. Адистер анын себебин элдин сергек жашоого, туура тамактанууга маани бербей жаткандыгы менен түшүндүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Калкка медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык техникалык жактан камсыздоо максатында, республикалык бюджеттин жана инвесторлордун колдоосу менен Баткен районунун Кара-Булак, Сай, Ак-Сай айылында, Кадамжай районунун Адыр, Өндүрүш, Чекелик, Ак-Кыя, Сухана айылында ФАП курулуп, пайдаланууга берилди.

Мындан сырткары, Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имараты капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, жугуштуу оорулар бөлүмү катары ишке берилди.

Аны менен катар Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын жалпы дарыгерлер бөлүмүнө караштуу балдар бөлүмү жана дарылоо консультативдик бөлүмүнүн курулушу жүрдү. Учурда оорукананын эки кабаты курулуп, чатыры жабылды.

Ал эми Кадамжай районунда Өзбекстан Республикасынын колдоосу менен 200 орунга ылайыкташкан жеңил конструкциядагы оорукана курулуп бүттү.

Лейлек районунун Коргон айылында жана Баткен районунун Орто-Боз айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары курулуп, пайдаланууга берилди.

Саламаттык сактоо тармагынын тез жардам кызматынын ишин илгерилетүү максатында, Самаркандек айылына тез жардам бөлүмүнө имарат курулуп, облуска мамлекет тарабынан 13, демөөрчүлөр тарабынан 9 тез жардам унаалары берилген. Ошондой эле санавиация кызматын күчөтүү максатында 1 реанимобиль унаасы берилди.

Саламаттык сактоо тармагын санариптештирүүнүн алкагында, онлайн кезеке туруу, онлайн каттоо кызматтары ишке кирди.

Белгилей кетсек, жыл ичинде бул тармакка 93 медицина кызматкери жаңы келген, анын 21и жаңы бүтүрүүчүлөр. Жыл ичинде 44 дарыгер мамлекеттик депозит программасына тартылган. Бирок дагы деле 75 дарыгер жетишпейт.

Пикир

Оставить комментарий