• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2020-жылы Базар-Коргон району жалпы салык жыйымдарын 108 пайызга аткарган

Аймак 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Базар-Коргон районунда 2020-жылга карата жалпы салык жыйымдары 108 пайызга аткарылды. Бул тууралуу жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылгандыгын, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, коллегияга Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков, район акими Бакыт Козуев, айыл өкмөт башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Аймактын өнөр жай тармагында өсүү ыргагы 2019-жылга салыштырмалуу 136,6 пайызга аткарылган. Жыл ичинде 12 млрд 293 млн 324 миң сомдук продукция өндүрүлгөн. Мында COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр убагында чекене соода жүгүртүү көлөмү төмөндөгөн. Район жыл жыйынтыгы менен мамлекеттик жана жергиликтүү казнаны аткарып көрсөткүчтөрдөн чыга алган.

Өткөн жылы Базар-Коргон районуна 1 млрд 761 млн 359 миң сомдук инвестиция тартылган. Ал 2019-жылга караганда 108 млн 730 миң сомго көп. Өндүрүлгөн ички дүң продукция 61,7 пайыз. Ал айыл чарба, чекене товар жүргүртүү, капиталдык салымдарды өздөштүрүү, өнөр жай жана акылуу кызмат көрсөтүү тармактарына туура келет.

Айыл чарбада 6 миң 750 тонна буудай, 4 миң 612 тонна арпа жыйналган. Аны менен катар 2020-жылы 16 кооператив түзүлүп иш алып барган. Райондун аймагында 7 асыл тукум мал чарбасы уюштурулуп, алардын 4ү эт багытында.

Коллегиялык жыйынга катышкан облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков пандемиялык абалга карабай жергиликтүү бийлик бир катар тармактарды алдыга жылдырып, коюлган көрсөткүчтөрдү аткарганына токтолду. Бирок, 2021-жылы аймакта талаачылык жаатында иштелбей жаткан жер аянттарын пайдалануу, эгиндердин түшүмдүүлүгүн көбөйтүү жана каттоого алынган чарба субъекттери менен натыйжалуу иш алып баруу керектигин билдирди. Мектеп жана саламаттык сактоо мекемелеринин абалын жакшыртууну колго алуу зарылдыгын кошумчалады.

Жыл жыйынтыгы менен бир катар тармактар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланып, райондогу 9 айыл өкмөттүн ичинен Кеңеш айылы “Жылдын мыкты айыл өкмөтү” деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий