• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2020-жылы Бишкекте дагы жаңы эки бала бакча ачылат

Коом 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарында 2020-жылы эки бала бакча оңдоодон өтүп, балдарга эшиктерин ачат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, алар №14 жана “Ласточка” бала бакчалары.

Акыркы жылдары ал имараттар Социалдык фонддун Октябрь райондук бөлүмү жана Кыргызпатенттин кеңселери катары колдонуп келген. Жыл башында имарат бошотулган. Учурда ал жерде капиталдык ремонт иштери жасалууда.

Бала бакчаларда инженердик коммуникациясын, эшик, терезе, сантехникалар алмаштырылып, тегереги оңдолот. Оңдоп-түздөө иштерине 55,5 млн.сом керектелет. №14 бала бакчасына 29,2 млн. сом жана “Ласточка” бала бакчасына 26,4 млн. сом. Каражаттар шаардык бюджеттен бөлүнөт.

Ар бири 140 орундуу бала бакча. №14 бала бакча үчүн тендер жакынкы күндөрдө жарыяланат. Жумуштун көптүгүнө байланыштуу бала бакчалар Бишкектин кичинекей тургундарын 2020-жылдан баштап кабыл ала башташат.

Пикир

Оставить комментарий