• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2020-жылы Борбор Азия калкынын саны дээрлик 1,2 млн кишиге көбөйөт – божомол

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. 2020-жылы Борбор Азия калкынын саны дээрлик 1,66%га же 1 млн 172 миң кишиге көбөйөт. Мындай божомолду Worldometer долбоору БУУнун маалыматтарына таянып келтиргенин orient.tm агенттиги жазат.

БУУнун акыркы маалыматтарына таянсак, Борбор Азия калкынын саны 74 млн 5 миң 626 кишини түзөт (Азиянын субрегиондору арасында 5-орун) – дүйнө калкынын 1%ы. Анын ичинде калктын дээрлик 45%ы Өзбекстанда, Казакстанда – 25%, Тажикстанда – 13%, Кыргызстанда – 8,5%ы жана Түркмөнстанда 8,5%ы турат.

Аймакта балдардын туулушунун көрсөткүчү жакшы: репродуктивдик курактагы 1 аялга 3 бала туура келет.

Калктын 48%ы шаарларда отурукташкан. Борбор Азия, жаш басымдуулук кылган аймакка кирет. Орточо курак 27,6 жашты түзөт.

Пикир

Оставить комментарий