• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2020-жылы эң көп айлык ала турган кесиптердин тизмеси аныкталды

Коом 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Американын Forbes журналы иликтөө жүргүзүп, 2020- жылы эң көп айлыгы боло турган кесиптердин тизмесин жарыялады. 2020-жылы эң көп айлык ала турган кесиптердин тизмеси аныкталды

Технологиянын өнүгүшү жашоо шартыбызды жана муктаждыгыбызды өзгөртүүдө. 7 жылдан кийин айрым кесиптер чоң мааниге ээ болуп, айрым жаңы кесиптер пайда болот, деп билдирүүдө TRT Kyrgyz.

Американын Forbes журналы иликтөө жүргүзүп, 2020- жылы эң көп айлыгы боло турган кесиптердин тизмесин жарыялады.

Тылда иштөөчүлөр: Дүйнөдөгү тартип эске алынганда иш- мекемелери өндүрүүчү департаменттердин иштеринин жакшы улануусу жана иштеринин алга жылуусу үчүн атайын программаларды билген, тылда иштей турган кесип ээлерин алдыңкы орунда кармайт.

Этика хакери: Көптөгөн мекемелер коопсуздуктары үчүн алдын-ала чараларды көрүп, өз убакыттарын сактоо максатында бул кесип ээлерине муктаж болушат.
Актуарийлер (коопсуз математика боюнча адис): Бир гана бүгүнкү эмес эртеңкини да ойлонгон, белгисиз эсеп- кысапты аныктоочулар.

Эпидемиолог: Бул кесипке эң көп куш тумоосу сымал окуяларда муктаждык жаралат. Ооруларды коомго, конуштарга карата иликтеген, оорулардын жайылуусун түрүнө карай бөлүштүргөн бул инсандарга 2020- жылдан кийин көп учурайбыз.

Тышкы баракты жасалгалоо инженери: Веб баракчасындагы бир баскычты басасыз, бирок башка бир баракча ачылып калат. Биз оңой деп эсептегенибиз менен, иш жүзүндө андай болбогон мындай процессти тапкан инженердин баркы көтөрүлөт.

Азык-түлүк химиги: Даамдуу тамак- аш даярдоо жана текстура менен алек болуу, оңдоо үчүн азык- түлүк химигине болгон муктаждык артат.

Пикир

Оставить комментарий