• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2020-жылы Экономика министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 5 долбоорго кол коет

Экономика 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Бүгүн Экономика министрлигинде 2019-жылдын жыйынтыгын караган жыйын өтүп, анда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча болгон көйгөйлөр, анын өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маселелер каралды.

Министрликтен белгилешкендей, бул багытта министрликтин алдында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору түзүлгөн.

Учурда өлкөдө ар кайсы баскычта турган 29 мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору бар: саламаттыкты сактоо, транспорт, маданият, спорт, туризм жана билим берүүгө байланышкан долбоорлор. Үч долбоор ишке ашырылууда.

2020-жылга карата министрлик мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча беш долбоорго кол коюуну, 10 долбоорду даярдап чыгууну жана 20 долбоорду демилгелөөнү пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий