• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

2020-жылы юстиция органдары тарабынан 10 миңден ашуун юридикалык жактар катталган

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. 2020-жылы юстиция органдары тарабынан 10 миңден ашуун юридикалык жактар катталган. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төмөнкү шилтеме боюнча жайгашкан юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине ылайык: 2020-жылы Юстиция министрлиги жана анын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо чөйрөсүндө 10273 иш-аракет жүзөгө ашырылган.

Ошентип:

– 5 589 юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) катталган;

– 3 769 юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) кайра катталган;

– 915 юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) иш-аракетин токтоткон.

Ошону менен бирге, 2020-жылдын ичинде “Юридикалык жактарды электрондук каттоо” маалыматтык системасы аркылуу юридикалык жакты мамлекеттик каттоого 26 арыз келип түшкөн, аларды кароонун натыйжасында 23 субъект катталган, 3 каттоодон баш тартылган.

Ошондой эле бүгүнкү күнгө карата (25.01.2021-жылы) иштеп жаткан саясий партиялардын саны 273 саясий партияларды түзөт, анын ичинен 2020-жылы:

- 17 саясий партия катталган;

– 3 саясий партия кайра катталган.

Ошону менен бирге 2020-жыл ичинде юстициянын аймактык органдары тарабынан:

- 32 массалык маалымат каражаты катталган;

- 21 массалык маалымат каражаты кайра катталган.

Пикир

Оставить комментарий