• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2020-жылы калктын реалдуу акчалай кирешеси 5 пайызга төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2020-жылы 452 млрд сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Муну менен катар, 2020-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү өлкө боюнча 425 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга төмөндөдү.

Калктын киши башына алгандагы реалдуу орточо акчалай кирешелери 2020-жылы айына 5 600,4 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 6,9 пайызга кыскарды.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөрдү кармап калгандан кийинки кирешелер менен мүнөздөлгөн, калктын киши башына бөлүнгөн орточо акчалай кирешелери өткөн жылга салыштырганда бир пайызга төмөндөп, 2020-жылы айына 5 625,4 сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий