• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2020-жылы КР каржы институттарынын ишмердүүлүгү мурдагыдай эле аймактарды өнүктүрүүгө багытталат

Президент 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-майда, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун (КРӨФ) башкармалыгынын төрайымы Азиза Аалиеваны, «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевди, «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкуловду жана «Кепилдик фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакировду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында өлкөнүн каржы институттарынын ишмердүүлүгү, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы түзүлгөн кырдаал жана азык-түлүк импортунун кыскарышы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн ата мекендик өндүрүштү колдоого багытталган долбоорлордун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.

Каржы институттарынын каражаттары артыкчылыктуу тартипте мурдагыдай эле аймактардагы ишканаларды, анын ичинде экспортко багытталгандарын колдоого жумшалышы керектигин баса белгиледи. 2020-жылга карата негизги милдеттердин бири катары кластердик программаларды каржылоону өзгөчө бөлүп көрсөттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалдагы мамлекеттик саясаттын алкагында ишканалардын реалдуу, сезилерлик жардам алып, мындан ары дагы пландалган кубаттуулукка жетүүсү үчүн, ошондой эле айрыкча айыл чарбасында жаңы экспортко багытталган өндүрүштөрдү ачуу үчүн аларга максималдуу колдоо көрсөтүүгө басым жасалышы керектигин айтты.

Каржы институттарынын жетекчилери коронавирус инфекциясынын ишкердик активдүүлүккө тийгизип жаткан терс таасирлеринин шартындагы азыркы ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдап, жакынкы келечекке болгон артыкчылыктуу пландарын айтып беришти.

2020-жылдын биринчи кварталы үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан 22 млн АКШ доллары суммасына 178 долбоор каржыланган. Сүт заводдорунун, логистикалык комплекстердин жана өндүрүш компанияларынын ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча төрт ири долбоор бекитилген.

Пандемиядан улам займчыларга даректүү колдоо боюнча кризиске каршы иш-чаралар ишке киргизилген, насыялар толугу менен кайра түзүмдөштүрүлгөн. Өндүрүш, сүттү, этти жана форелди кайра иштетүү чөйрөсүндө үч кластердик өнүм иштелип чыгып, ишке ашырыла баштады.

Талас, Баткен жана Нарын облустарындагы ишкерлерди колдоо максатында насыялоо босогосу 200 миң АКШ долларынан 100 миңге чейин төмөндөтүлгөн. Бул чара насыялоо көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө болуп, айрым аймактарда Фонддун каражаттарына жеткиликтүүлүк өсөт.

«Айыл Банк» ААКсы тарабынан 2020-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча 4 миллиард сомго жакын суммага 16 миңден ашуун насыя берилген. Алардын 81%ы аймактарга, көбүнесе айыл чарба, өндүрүш жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарына багытталган. Түзүлгөн кырдаалда жалпы көлөмү 5 миллиард сомдон ашык суммада насыя кайра түзүмдөштүрүлгөн. Ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо — 8» программасынын алкагында фермерлер менен дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү улантылууда.

Ишкердик активдүүлүктүн төмөндөгөн шартында «РСК Банк» ААКсы ишкердик үчүн бир катар жеңилдиктерди иштеп чыкты. 1830 насыя боюнча 3 миллиард сомго жакын суммага жеңилдиктер берилген. Насыялар кайра түзүмдөштүрүлүп, мөөнөтү 3 айдан 6 айга чейин узартылган.

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, банк Кыргызстанда биринчи жолу банкоматты колдонбостон супермаркеттин кассаларында картадан накталай акчаны алуу долбоорун баштады.

Жыл башынан тартып «РСК Банк» ААКсы жалпы көлөмү 2,7 миллиард сомдон ашык суммага үч миңге жакын насыя берген.

Алардын ичинен аймактык насыялардын үлүшү 89%ды түзгөн. Каражаттар көбүнчө айыл чарба, өндүрүш, кайра иштетүү жана соодага багытталган.

«Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан жыл башынан тартып, 593 кепилдик берилип, алардын 97%ы аймактарга бөлүнгөн. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун сүт тармагын өнүктүрүү жана кой-чарбасын интенсивдүү өнүктүрүү боюнча эки кластердик долбоорду ишке ашыруу улантылууда.

Белгиленгендей, өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышына карабастан, каржы институттарынын ишмердүүлүгү токтоп калган жок. Өлкө аймактарында ишкердик демилгелерди колдоого багытталган долбоорлор артыкчылыктуу мааниге ээ.

Президент Сооронбай Жээнбеков экспортко багытталган ишканаларга, өзгөчө алыскы аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө колдоо көрсөтүүнүн маанисин дагы бир жолу баса белгиледи. Ошону менен бирге, каржылык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын эскертти.

Пикир

Оставить комментарий