• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2020-жылы Кумтөр Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө 781 млн сом бөлгөн

Аймак 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. “Кумтөр Голд Компани” ЖАК өткөн жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө 781 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу агенттикке Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, жыл жыйынтыгы боюнча 590,7 млн сом же 82% өздөштүрүлгөн.

Акча төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Билим берүү тармагына – 95,2 млн сом,
  • Саламаттыкты сактоо тармагына – 70,3 млн сом,
  • Пандемия жана өзгөчө кырдаалдарга – 22,5 млн сом,
  • Маданият тармагына – 15,2 млн сом,
  • Спорт тармагына – 45,7 млн сом,
  • Жол, суу жана инфраструктурага – 122,7 млн сом,
  • Башка тармактарга (мамлекеттик жана муниципалдык органдардын материалдык техникалык базасын чындоого, административдик имараттарын оңдоого жана башкалар) – 72,3 млн сом,
  • Ар кандай долбоорлордун өздүк салымдарына – 50,9 млн сом,
  • Киреше алып келүүчү долбоорлорго - 95,9 млн сом.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун бюджети “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын жалпы кирешесинин 1% эсебинен түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий