• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2020-жылы КРда калкты жана турак жай фондун каттоо электрондук түрдө өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. 2020-жылы Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо электрондук түрдө мобилдик тиркеме аркылуу өтөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоону электрондук түрдө өткөрүү үчүн мобилдик тиркеме үчүн программалык камсыздоо иштеп чыгышкан.

Бул тиркеме 2019-жылы Токмок шаарында жана Чүй облусунун Чүй районунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында пилоттук түрдө өткөрүлүп текшерилген.

Мобилдик тиркеменин жыйынтыктары маалыматтардын сапаты, аларды иштетүүнүн жана каталарды ыкчам таап аларды оңдоого кеткен убакыт кыскарганын көрсөттү.

Ошого байланыштуу 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоону 23-марттан 1-апрелге чейин ошол мобилдик тиркеменин жардамы менен өткөрүү чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий