• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2020-жылы Кыргызстанда кылмыш ишин жумушсуз адамдар көп жасаган

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2020-жылы Кыргызстандын аймагында жалпы 31 миң 211 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 25%га аз.

"Анын ичинен адам өлтүрүү боюнча - 172, зордуктоо боюнча - 223, денеге оор задака келтирүү боюнча - 46, мүлктү уурдоо боюнча - 10 миң 400, алдамчылык боюнча - 6 миң 871, тоноо боюнча - 960, карактоо боюнча - 165, опузалап талап кылуу боюнча - 104, аткезчилик боюнча - 176, салыктан качуу боюнча - 396, пара берүү боюнча - 109, баңгизат менен байланыштуу - 795 иши катталган. Ошондой эле өткөн жылы кылмыш жасаган адамдардын саны 24 миң 320 адамды түздү. Анын ичинен 1 миң 31и жашы жетпеген өспүрүм, 4 миң 265и аял, 11 миң 704ү эч жерде иштебейт, 209у мурда кылмыш жасаган жаран", - дейт ал.

Зулушев 2020-жылы 116 миң 166 кылмыш иши тергелип, 8 миң 599у сотко жиберилгенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий