• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2020-жылы Кыргызстанда МГУнун филиалын ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 22.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен жолугуп, Кыргызстанда М.В. Ломоносов атындагы ММУнун (МГУ) филиалын ачуу маселесин талкуулашкан.

Аталган окуу жайды ачуунун жол картасын талкуулоого Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов да катышкан.

"Эки өлкө башчылары 2020-жылы Кыргыз-Орус кызматташтык жылы деп жарыялагандыгын эске алуу менен Билим берүү жана илим министрлиги өкмөттөр аралык жолугушуулардын күн тартибине бул маселени киргизүү боюнча иштерди баштады", - деди Кудайбердиева.

Жол картасын талкуулоонун негизинде университеттин филиалын 2020-жылы ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий