• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2020-жылы Кыргызстанда жол кырсыгы 8%га азайган

Кырсык 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. 2020-жылдын 12 айында республиканын аймагында 6 миң 126 жол-унаа кырсыгы катталып, 2019-жылга салыштырмалуу 8%га азайган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, 2020-жылы жол кырсыгынын кеспетинен каза болгондордун саны 0,7%га жана жаракат алгандардын саны 10,5%га азайган.

Статистикалык маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12 айында катталган жол кырсыктарынын 88,3%ы айдоочулардын күнөөсү менен болгон. Жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери негизинен айдоочулардын одоно ылдамдыкты ашыргандыгы, жол тилкесинде туура эмес маневр жасагандыгы, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып озуп кеткендиги, транспорт каражаттарын мас абалында айдагандыгы болгон.

2020-жылдын 12 айында балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 1 миң 245 болгон, ал 2019-жылга салыштырмалуу 24,7%га азайган, ал эми жаракат алган балдардын саны 26,2%га азайган.

“Тилекке каршы балдар онлайн режиминде окуп, үйлөрүндө болгонго карабастан жол кырсыгына кабылган балдардын 41,9%ы жөө жүргүнчү катары болсо, калган учурда транспорт каражаттарында жүргүнчү катары бара жатып жол кырсыктарына учурашкан”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий