• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2020-жылы Кыргызстандагы калкты каттоо иштери мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. 2020-жылы Кыргызстандагы калкты каттоо иштери мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн статистика кызматтарынын адистеринин Бишкекте өткөн кеңешмесинде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдиришти.

Ал сыноо иретинде Чүй жана Ысык-Көл облусунда калкты каттоо жүргүзүлгөнүн айтты.

"Биз кагаздан баш тарттык. Санарип түрүндө маалымат базага дароо киргизилип, аны бат эле оңдоого болот", - деди ал.

Ал белгилегендей, каттоо жүргүзүү үчүн 25 миң киши ишке алынат. Алар каттоо ишинде уюлдук телефондорун колдонуп, мобилдик тиркемени телефондоруна көчүрүп алышат.

"Биз маалыматтардын коопсуздугун эске алдык", - деди ал.

Калкты каттоо 2020-жылы 20 мартта башталат.

Пикир

Оставить комментарий