• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2020-жылы Ошто пахтаны кайра иштетүүчү эки ишкана ачылат

Аймак 0

Ош, 11.09.19 /Кабар/. Ош облусунда 2020-жылы пахтаны кайра иштетүүчү эки ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Облустун губернатору Узарбек Жылкыбаев Араван районунда жергиликтүү калк менен биргеликте пахта териминин башталышына катышкан.

Ал билдиргендей, пахтаны иштетүү Ош облусунда эң пайдалуу секторго айланышы үчүн өкүлчүлүк баардык күч-аракетин жумшайт.

2019-жылы Ошто пахтаны өндүрүү былтыркы жылга салыштырмалуу 11%га өскөн. Ошого байланыштуу 2020-жылы пахтаны кайра иштетүүчү эки ишкана куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий