• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2020-жылы отун-энергетикалык комплекстин 32 субъектисине текшерүүлөр жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2020-жылы отун-энергетикалык комплекстин 32 субъектисине текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Агенттиктин билдиришкендей, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпы бузуулар 82 млн сом суммасында аныкталган. Бул каражат республикалык бюджеттин пайдасына чегерилет.

Текшерүүлөр энергетика компаниялар тарабынан "КР Энергетика жөнүндө", "КР Электр энергетикасы жөнүндө", "КР Табигый монополиялар жөнүндө", өкмөттүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген "Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун" талаптары аткарылып жаткандыгы боюнча жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий