• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2020-жылы саякат кылууга ыңгайлуу өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Туристтик Lonely Planet порталы 2020-жылы саякат кылууга ыңгайлуу өлкөлөрдүн рейтингин түздү.

Тизменин алдыңкы катарында Бутан өлкөсү жайгашты.

"Гималай тоо кыркасындагы өлкө келген конокторго тоо боюнда сейилдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ал жерде айлана-чөйрө менен өзгөчө бир ыргакта болгон будда динин туткан адамдарга жолукса болот", - деп айтылат маалыматта.

Экинчи орунга Англия мамлекети илинди. Lonely Planet порталынын адистеринин айтымында, Англиянын ажайып кооз суу жээктерине күбө болсоңуздар болот.

Үчүнчү сапка ашканасы менен өзүн тартып турган Түндүк Македония өлкөсү татыды. Бул жерге саякат жасагандар мурунтан бери сакталып келе жаткан салттарга жана табияттын кооздугуна суктанышат.

Мындан сырткары, рейтингге Аруба аралы, Эсватини королдугу, Коста-Рика, Нидерландия, Либерия, Маракко жана Уругвай өлкөлөрү кирди.

Пикир

Оставить комментарий