• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2020-жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу жумуш орду аз түзүлгөн – статистика

Экономика 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча ишканаларда, мекемелерде, формалдуу тармактагы уюмдарда 4,5 миң жумуш орду түзүлгн. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Жайлообаева билдирди.

Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы формалдуу эмес тармакта 66 миң 222 жаңы жумуш орду түзүлгөн.

"Эң көп жумуш орду Чүй облусунда пайда болгон, ал жалпы эсептин 32,4%ын түзгөн, Жалал-Абад облусунда – 28%, Бишкек шаарында 14,6%. Бул маалымат формалдуу жана формалдуу эмес тармакты камтыйт.

Бирок, 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу жумуш орду аз түзүлгөн. Эгер Жалал-Абад облусунда 2019-жылы 30 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлсө, 2020-жылы бул сан 20 миңди түзөт. Ошондой эле, Чүй облусунда 2020-жылы 23 миңди түзсө, 2019-жылы бул 25 минди түзгөн”,-деп маалымат берди Жайлообаев.

Ал формалдуу тармактарда түзүлгөн жаңы жумуш орундарынын ичинен кичи ишканаларда 1,8 миң жумуш орду түзүлгөнүн, бул сан 2019-жылы 7,8% миңди түзгөнүн белгиледи. “Жаңы жумуш орундарынын кыскарышы пандемияга жана карантинге байланыштуу”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий