• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2020-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21%га кыскарды – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 24.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2020-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21%га кыскарды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3083,7 млн долларды түздү. Көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га кыскарган.

"Экспорт 1,7%га көбөйдү, импорт 30%га жакын төмөндөдү. Көптөгөн өлкөлөр чек арасын жапкандыктан жана ар кандай транспорттук каттамдардын кыскаруусунан импорттун көлөмү кескин төмөндөп кетти", - дейт ал.

Алыбаев кошумчалагандай, малды экспорттоо 3,4%га, кагаз жана кагаздан жасалган продукцияларды экспорттоо 2,8%га, сүт жана жашылча жемиштерди экспорттоо 11%га жана 6,2%га өсүш катталды.

Пикир

Оставить комментарий