• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2020-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын саны 19%га көбөйгөн

Ден соолук 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2020-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын саны 19%га көбөйгөн, бул COVID-19 коронавирустук инфекциясынын түздөн-түз тийгизген таасири. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирустук инфекция жүрөк-кан тамыр ооруларынын жүрүшүн татаалдаштырып, өлүмгө алып келиши мүмкүн.

“Эгер бейтаптын жүрөк-кан тамыр оорулары, жүрөгүнүн коронардык оорусу, же болбосо мээ артериосклерозу, бөйрөктөрү, жүрөгү жабыркаса, анда коронавирус оорусу оор түрдө өтөт. Ошондой эле коронавирус эски ооруларды козгоп, өлүмгө дуушар болуу коркунучун жогорулатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, коронавирустун оор түрү менен жабыркагандардын 95 пайызы 65 жаштан жогорку жарандар болгон. Алардын ичинен 65 пайызы жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган”, - деди Сарыбаев.

“Даам жана жыт сезүүнүн жоголушу, дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөлүүдөн тышкары, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган адамдарда коронавирустун алгачкы белгилери көкүрөк жана жүрөк тушунун оорусу, дем жетишпөө, жүрөгүнүн начар иштеши, алсыздык, кээде эсин жоготуу болот. Мындай учурда дароо тез жардам кызматына кайрылуу керек”, - деди ал.

Кардиолог баса белгилегендей, коронавирус инфекциясынан сактануунун эң эффективдүү жолу бул эмдөөдөн өтүү. Бирок, ал ооруп жаткан учурда бейтапка вакцина алууга болбой тургандыгын баса белгиледи.

“Адам толук айыккандан кийин эмдөөдөн өтүүсү зарыл. Бейтаптар ичип жаткан дарыларын токтотпошу керек”, - деди дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий