• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2020-жылы Жалал-Абад облусунда 185 үй-бүлө кооптуу аймактан көчүрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. 2020-жылы Жалал-Абад облусунда 185 үй-бүлө кооптуу аймактан көчүрүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгында 2020-жылы Жарандык коргонуу жаатындагы ишмердүүлүк боюнча онлайн жыйын өттү. Ага облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров, тийиштүү тармактардын өкүлдөрү жана район-шаар башчылары катышты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы өрт кырсыктарынан 381 млн 986 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кырсыктардын саны 15,8 пайызга азайган. Бирок мындагы материалдык чыгымдардын көлөмү артып, 175 миллион 114 миң сомду түзгөн.

Жыл ичинде 2 техногендик, 4 табигый, 1 социалдык-биологиялык өзгөчө кырдаалдар катталган. Мындан сырткары, облус аймагында 221 объектте сел, суу ташкындарынын алдын алуу иштери жүргөн.

Аксы, Сузак, Базар-Коргон райондорунун жана Майлуу-Суу шаарындагы кооптуу деп табылган аймактардан жалпы 185 үй-бүлө көчүрүлгөн. Турак жайларды табияттын ар кандай кырсыктарынан мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүүгө 12 миң 485 келишим түзүлүп, жумуш 6,58%га аткарылган.

Облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов бул багыттагы жумуштарды күчөтүү тапшырмасын берип, маселелерди чечүүдө район-шаар башчылары өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте иштөө керектигин айтты.

Тармактын кызматкерлери жыл ичинде коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жоюуда дезинфекциялоо, элге гуманитардык жардам таратуу, тамак-аш жеткирүүдө саламаттыкты сактоо, милиция кызматкерлери менен биргеликте тыгыз иш алып барган.

Пикир

Оставить комментарий